Бейшемби күнү кечинде көп кабаттуу үй кулаганда урандынын алдында калып өлгөндөрдүн саны 72ге жетти, алардын 17си балдар. Жетимиштей киши жараат алды. Кырсык болгон маалда үйдө 100-120дай киши болгону айтылууда. Жыйырмадан ашуун киши дайынсыз.
Куткаруу иштери уланууда. Полиция урандынын алдында калгандарды тирүү табуу мүмкүнчүлүгү улам азайып баратканын билдирди. Көп кабаттуу үйдүн кулап калышы боюнча бир катар аткаминерлер кызматтан алынды. Иликтөө иштери жүрүүдө.
Жергиликтүү бийликтердин билдирүүсү боюнча урап калган жети кабат үй алты аптанын ичинде эч кимдин уруксаты жок эле курулган. Бүткөн алдыңкы үч кабатта тургундар жашаса, калган кабаттарда курулуш жүрүп жаткан.