Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Ирандын өзөктүк программасы боюнча Алматы сүйлөшүүсү майнапсыз аяктады


Ирандын ядролук программасы боюнча дүйнөлүк алты держава менен Тегерандын өкүлүнүн Алматыда өткөн эки күндүк сүйлөшүүсү иштиктүү жыйынтыксыз соңуна чыкты.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон 6-апрелде Алматыдагы маалымат жыйында:

"Кошмо Штаттар, Франция, Британия, Германия, Орусия жана Кытай менен Ирандын көз караштары бири биринен өтө окчун болууда. Андыктан бардык тараптар өз өлкөлөрүнө барып, иштин жүрүшүн таразалап чыгышат. Мен Ирандын башкы өкүлү Саид Жалили менен чукул арада байланышып, алдыдагы кадамдар боюнча кеңешем", деп билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков сүйлөшүүлөр активдүү мүнөздө өткөнүн айтып, бирок тараптар азырынча бир пикирге келүүдөн алыстыгын белгиледи.

Эл аралык ортомчулар Иранды уран байытуудан баш тартууга ынандырууга аркеттенип келишет. Батыш Тегеран ядролук курал жасоонун аракетин көрүүдө десе, Иран бийликтери аны жокко чыгарат. Иранга каршы эл аралык санкциялар дагы киргизилген.

XS
SM
MD
LG