Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Президент Апрель ыңкылабында курман болгондор эстелигине гүл койду


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик ишмерлер үч жыл мурун Апрель ыңкылабында каза болгондорду эскеришти. 2005-жылы Аксы окуясында, 2010-жылы Апрель окуясында эл эркиндиги үчүн курман болгондор үчүн орнотулган Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы эстелигине гүл коюшту. Эскерүү иш-чарасына мурунку президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана апрель баатырларынын туугандары, коомдук ишмерлер катышты. Үч мүнөттүк эскерүүдөн кийин залп атылды. Өлкө гимни ойнотулду. Акырында куран окулду.

Апрель ыңкылабынын жылдыгына арналган иш-чаралар эми ”Ата-Бейит” мемориалдык көрүстөнүндө уланат. 2010-жылы 7-апрелдеги элдик көтөрүлүштө Борбордук аянтта сексенден ашык киши окко учкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG