Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Гранатага колун жулдурган милиция кызматкери каза болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №3 башкармалыктын жетекчиси Жылдыз Мусабекова кабарлады. 30-мартта аталган башкармалыктын карамагындагы Ак-Өргө конушунда милициянын аймактык бөлүмүнүн тескөөчүсү Шамил Усубалиевдин колунда кармап турган граната жарылып, оң колун жулуп кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген болчу.
Жарылган гранатаны белгисиз бирөөлөр жылтыракка ороп, бөлүмдүн жанына таштап кеткендиги тууралуу мурда кабарланган.

Бул окуя боюнча түзүлгөн тергөө тобу иликтөө-текшерүү иштерин улантууда. Терракт болуш ыктымалдыгы да айтылууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG