Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Ысык-Көл, Нарында чек ара отряддары азайды


Кыргызстандын чек ара кызматынын колбашчысы Токон Мамытов Нарын менен Ысык-Көлдө чек ара отряддынын жана туруктардын саны кыскарганын “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бул чек араны кайтарууну оптималдаштыруу максатында жүргүзүлдү. Мамытов кыргыз-кытай чек арасы тынч экенин, эки өлкө өз ара жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында чек араны кайтаруу боюнчакелишимдерге кол койгонун, делимитация, демаркация иштери толук аяктагынын белгиледи. Ушундан улам Нарын менен Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чек арасын кайтыруу солгундады деген дооматтарга негиз жоктугун кошумчалады. Эми Ош, Баткен жана Жалал-Абадда жаңжал көп катталган кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG