Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Чүйдө аймактык казыналыктын башчысы пара бергени үчүн кармалды


Чүйдүн Ысык-Ата районундагы аймактык казыналыктын башчысы М.Р. аттуу адам УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Коррупцияга каршы кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери аталган казыналыктын башчысынын мамлекеттик каражатты кызыкчылыгына колдонгонун аныктаган соң, башчы ишти жаап салуу үчүн 150 миң сом пара сунуштап, аны берүүгө аракет кылган.

Натыйжада Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара берүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. (BkA)

XS
SM
MD
LG