Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын директору болуп Александр Кулинский дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Буга чейин Кулинский тележурналист жана медиа эксперт катары белгилүү.
Театрдын мурдагы жетекчиси Борис Воробьев театрдын директорлугунан өткөн аптада бошотулган. Ал ага чейин Маданият министрлигинин жетекчилери менен тил табыша албаганы үчүн кызматтан алынган. Андан соң Борис Воробьев театрдагы үн жана жарык берчү аппаратураларды алып чыгып кеткен. Ошондой эле өзү продюсерлик кылган спектаклдерди коюуга тыюу салып, белгиленген спектаклдер үзгүлтүккө учураганы айтылган болчу. (BkA)