Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Барактыктар малды жайлоого чыгара албай жатат


Барак эксклавында жашаган тургундар чек ара жабык турганына байланыштуу малды жайлоого чыгара албай жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда билдиришти. Маалыматка ылайык, Барактын тургундарын Кыргызстан менен байланыштыруу үчүн «Достук» өткөрмө пункту иштеп жатат. Ал эми мал-койлорду алып өтүү үчүн Кызыл-Кыя шаарына жакын жердеги өткөрүү пункттарына барыш керек. Жолдун узактыгы жашоочуларга кыйынчылык жаратып жатканына байланыштуу алар облус жетекчисинен жардам сурап кайрылышкан. Ошондой эле алар өткөн жылы терген пахталарын да Кыргызстанга сатуу үчүн алып өтө албай жаткандыгын айтышкан. Жээнбеков бул маселени чечүүнүн жолдорун жогорку бийликке сунуштаарын билдирди.

Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси Абдыкарим Алимбаев «Азаттыкка» маалымдагандай, маселени чечүү үчүн Баракты Кыргызстан менен байланыштырган «Акташ» жана «Бирлешкен» өткөрүү пункттары ачылышы керек. Азыр бул жаатта эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG