Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Орус драма театрынын экс-жетекчилерине кылмыш иши козголду


Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, театрдын мурдагы жетекчилиги тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксатын албай туруп, театр имаратын жеке ишкерлерге ижарага берип жүргөн. Мындан улам прокуратура театрдын мурдагы жетекчилигине Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “шалаакылык”, “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” “ишенип тапшырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козгоду.

Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьев театрдын директорлугунан өткөн аптада бошотулган. Ал ага чейин Маданият министрлигинин жетекчилери менен тил табыша албаганы үчүн кызматтан алынган. Андан соң Борис Воробьев театрдагы үн жана жарык берчү аппаратураларды алып чыгып кеткен. Ошондой эле өзү продюсерлик кылган спектаклдерди коюуга тыюу салып, белгиленген спектаклдер үзгүлтүккө учураганы айтылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG