Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 22-23-апрелде Орусияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анда өкмөт башчы кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышып, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдиргендей, өкмөт башчынын бул сапарынын жүрүшүндө "Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” сатуу боюнча келишимдерге кол коюлушу мүмкүн. (BkA)