Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:58
“Фемен” тобунун мүчөлөрү - жарым-жартылай жылаңач кыздар Орусиянын президенти Владимир Путиндин алдына чыгып, “диктатор” деп кыйкырышты. Бул окуя Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Ганновердеги соода жарманкесине катышып жаткан кезде болду.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков феминисттик уюмдун аракеттерин “бейбаштык” деп сыпаттап, “аларды бирөө жазалашы керек” деп кошумчалады.

Жекшемби күнү Путин Ганноверге учуп келгенде да көчөдө пикеттер өттү.
Ал эми жарманкенин ачылышында сүйлөгөн Меркел Орусияны жарандык коомго мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Учурда Орусияда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдар массалык түрдө Башкы прокуратура жана салык инспекциясы тарабынан текшерилүүдө.

XS
SM
MD
LG