Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Сеул: Пхеньяндын төртүнчү өзөктүк сыноосу боюнча анык белгилер жок


Түштүк Кореянын бийлик өкүлдөрү “Түндүк Корея төртүнчү өзөктүк сыноого даярданып жатат” деп так айтуудан этияттанууда. Дүйшөмбү күнү Түштүк Кореянын коргоо министри "өзөктүк сыноо сөзсүз болот дегенден алыспыз" деп билдирүү жасады.

Бул билдирүү Түштүк Кореянын министрлер кабинети сыноо боюнча “белгилер” пайда болгонун айтып чыккан соң кайра такталды.

Коргоо министрдин маалымат катчысы өзөктүк сыноо өткөрүү боюнча Түндүк Кореяда “аракеттер болгон” деп кошумчалап, бирок алар буга чейин болуп келген “кадимики эле аракеттер” деп кайра белгиледи.

Сеул менен Пхеньяндын мамилелери өткөн айда Түндүк Корея үчүнчү өзөктүк сыноону өткөргөндөн бери кайра чыңалды. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы ядролук курал жасоону токтотууну талап кылган чараларды киргизген.

Дуйшөмбү күнү БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Түндүк Кореяны “эч кандай чагымчыл кадамдарга барбоого” үндөдү.

XS
SM
MD
LG