Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Сирия БУУнун химиялык курал боюнча эксперттерин киргизбей жатат


Сириянын бийлиги козголоңчулар химиялык курал колдонду деген фактыны иликтөө үчүн келген Бириккен улуттар уюмунун эксперттер тобун өлкөгө киргизүүдөн баш тартты. Сириянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү муну эксперттердин иши өлкөнүн айрым талаптарына жооп бербегени менен түшүндүрдү. Андан мурдарак Сирия Алеппо шаарындагы химиялык чабуулду козголоңчулар уюштурганын айтып, иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен БУУга кайрылган болчу.

Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун эксперттер Сирияга келүүгө даяр турганын, бирок Дамаск айрым техникалык жана юридикалык жагдайларды жөнгө салып жатканын билдирип, химиялык чабуул сөзсүз иликтениши керектигин белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG