Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Орусия: Химки токоюн коргогон журналист Бекетов көз жумду


2008-жылы катуу токмоктолгон орусиялык журналист Михаил Бекетов каза болду. Анын адвокаты Сталина Гуревич 55 жаштагы журналист Москанын жанындагы Химки шаардык ооруканада көз жумганын маалымдады.

Бекетов Химкидеги жергиликтүү гезиттин баш редактору болуп турганда Москва-Санкт-Петербург унаа жолун Химки аркылуу куруу иштериндеги коррупцияны ашкерелеген. Мындан кийин 2008-жылы ноябрда аны үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр айоосуз сабап кеткен. Башынан алган жаракатынан улам сүйлөй албай калган жана бир бутунан айрылган. Ага кол салгандар бүгүнкү күнгө чейин аныкталып, табыла элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG