Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

Муфтияттын салык маселесин сот чечет


Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси Рахматулла ажы Эгембердиевдин кайрылуусун карады. Анда аталган депутаттын мүчөлөрү бул маселени калыс карап берүү боюнча соттон өтүнүп, Башкы прокуратураны муфтияттын камакка алынган банктагы эсебин ачууга жардам берүүгө чакырды.

Буга чейин өлкөнүн Салык кызматы жана Социалдык фонд муфтияттын алдында түзүлгөн “Ажылык жана умра” борбору 2011-жылы ажылыктан түшкөн кирешеден 14 миллион сом төлөгөн эмес деп тапкан. Ага ылайык, кылмыш иши козголуп, бул ишти учурда Свердлов райондук соту карап жатат. Муфтияттын өкүлдөрү диний башкармалык коммерциялык эмес уюм эместигин негиз кармап, ажылыктан салык алууга болбостугун айтып келет.

Ошондой эле соттун өкүмү менен Кыргызстан мусулмандарынын “АКБ Кыргызстан” банкындагы 25 миллион сомдук эсеби былтыр 4-декабрда камакка алынган. Муфтият эсептин камакка алынышы каржылык жактан диний башкармалыкты жөндөмсүз абалга кептегенин билдирүүдө. (ZB\BkA)

XS
SM
MD
LG