Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

“Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына тасмалар кабыл алынууда

Кыргызстанда “Бир дүйнө Кыргызстан” кино фестивалына тасмалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдын координатору Бермет Жакупова билдирди.

Анын айтымында, фестивалга талапкер тасмалар 5-апрелден 31-майга чейин кабыл алынат. Фестивал болсо 18-24-сентябрда Бишкекте жана өлкө аймактарда өтүп, андан ары Тажикстанда уланат.

Жетинчи жолу өтө турган фестивал адам укугу, миграция, балдардын укугу, коррупция, экологиялык коопсуздук көйгөйлөрүнө арналган. (BkA)
​
XS
SM
MD
LG