Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

АКШнын транзиттик борборун жабууну талап кылган акция жыйынтыкталды


Бишкекте “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборун жабууну талап кылган акция өттү. Акцияга “Жөн эле” деп аталган демилгелүү топтун 10го жакын мүчөсү катышты. Алар жүк ташуу борборун Кыргызстандан чыгарууга көмөктөшүүнү суранып, Бишкектеги Орусиянын, Кытайдын, Ирандын жана Казакстандын элчиликтерине атайын кайрылууну тапшырышты.

Аталган топтун өкүлү Атай Бейшенбек уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, транзиттик борбордо Кыргызстан жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч алып келген ар кыл куралдар сакталышы мүмкүн. Ошондуктан борборду тезинен чыгарууну талап кылышууда.

Аталган топ буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ушундай эле талап менен митинг уюштурушкан.

Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн колдонулуп келаткан транзиттик борбор боюнча Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG