Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Иранда жаңы уран заводу ишке кирди


Иранда эки уран кени жана уран иштеткен бир ишкана ачылды. Бул тууралуу Ислам жумуриятынын ИРНА мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. Кабарга караганда, Язд шаарынын жанындагы Сагханд 1 жана 2 кендери бүгүн ишке киргизилди.

Ошол эле чөлкөмдөгү Ардакан шаарындагы уран иштетүүчү Шахид Разэинежад заводу жылына 60 тонна урандын кычкылын чыгарууга кудуреттүү болмокчу. Чийки уранды уран кычкылына айлантуу аны атомдук суюк отун кылып байытуунун алдындагы процесс болуп эсептелет.

Өткөн жумада Тегерандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Батыш Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп күнөөлөсө, Тегеран мындай дооматтарды четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG