Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Иранда жер титирөө болду


АКШнын Геологиялык көзөмөл борбору Ирандын түштүк-чыгышындагы Бушер шаарынын жанында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгонун аныктады. Силкинүүнүн очогу шаардан 89 километр алыстыкта орун алган. Ал аймакта өлкөнүн жападан жалгыз атомдук станциясы жайгашкан.

Зилзала алып келген чыгымдар тууралуу азырынча кабар түшө элек. Ройтерс агенттигинин ырастоосунда, анын эпкини Перси булуңунун ары жагында, Дубайда да сезилди.

Январда Бушер станциясы улуттук бирдиктүү энергия системасына туташтырылган. Анын алдында станция эки ай бою өчүк турду. Ирандын Атомдук энергия боюнча мекемесинин жетекчиси ал суюк отун менен реакторду текшерүү үчүн жасалганын айткан.

XS
SM
MD
LG