Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыкты


Кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Азиз Батукаев ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары кабарлады. Ага ылайык, Батукаев ак кан оорусуна чалдыккан. Буга байланыштуу Нарын шаардык соту аны абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин 9-апрел күнү, кечинде кабыл алды.

Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта теги чечен Батукаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айып тагылган. Нарында түрмөдө жаткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG