Ушул тапта Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу болуп жатат. Анда өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулап жатышат. Андан соң тараптардын кеңири чөйрөдөгү жолугушуусу болуп, анда авиация, саламаттыкты сактоо, туризм жана айыл чарба тармактарындагы бир нече келишимге кол коюлары күтүлүүдө.
9-апрелде Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келген. Ал бүгүн түштөн кийин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушат.(ZB\BkA)