Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Токтогулдун тургундары жолду оңдоо талабы менен митинг өткөрүшүүдө


Ушул тапта Токтогул районунун Арал айылында 100дөй адам митинг өткөрүп жатышат. Облустук кабарчыбыздын айтымында, алар Токтогул - Беш-Таш жолунун тез арада оңдолушун талап кылышууда. Митингчилердин айтымында, 50 чакырымдай бул жол бузулуп, райондогу бир нече айылдын тургундарынын катташуусуна кыйынчылык жаратып жатат. Митингчилер менен учурда район акими Үсөн Шабданов жолугуп, жолду оңдоо иштери башталып жатканын билдирди.

Аталган айылдардын тургундары буга чейин да ушундай эле талап менен митинг өткөргөн болчу. (YA\BkA)

XS
SM
MD
LG