Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Чек ара кызматы: Батукаев Орусияга учуп кетти


Чек ара кызматы Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн ана башыларынын бири аталган Азиз Батукаев Орусияга учуп кеткенин билдирди. 9-апрелде Азиз Батукаевдин өлкө аймагынан чыгып кеткенин УКМК менен Ички иштер министрлиги да тастыктаган.

Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Азиз Батукаев Москвага чыгып кеткени тууралуу айтып, буга жол бергендердин жоопкерчилигин кароону талап кылган эле.

Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Шейшемби күнү кечинде Батукаевдин саламаттыгы начарлап, түрмөдөн чыкканы тууралуу кабар тараган. Маалыматка ылайык, Батукаев ак кан оорусуна чалдыккан. Буга байланыштуу Нарын шаардык соту аны абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин 9-апрелде кабыл алган. Ал дагы 8 жыл жаза мөөнөтүн өтөшү керек болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG