Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Британ парламентинде Маргарет Тэтчерге арналган атайын жыйын өтөт


Британ парламентинин өкүлдөрү өлкөнүн мурдагы премьер-министрине арналган атайын жыйынга чогулуш үчүн эс алуудан эрте кайтышты. Сессияны азыркы өкмөт башчы Дэвид Кэмерон ачат жана ушул аптада дүйнөдөн кайткан Тэтчердин мурасы жөнүндө мактоолор да, сын да айтылат деп жатышат.

Оппозициялык лейбористтик партиянын лидери Эд Милибанд өз партиялаштарына Тэтчер жөнүндө сылык сүйлөгөнгө аракет кылгыла деп көрсөтмө бергени айтылууда, бирок айрымдары баары бир консервативдүү партиянын мурдагы лидерин сындабай койбойбуз дешет.

Тэтчер консерваторлорду үч жолку шайлоодо жеңишке жеткирип, өкмөттү 1979-жылдан 1990-жылга чейин башкарган. Тэтчерди келерки аптанын ушул күнү 17-апрелде жерге беришет. Ал 87 жашында инсульттан ушул дүйшөмбүдө көз жумду.

XS
SM
MD
LG