Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Саакашвили Орусия менен болгон согуш үчүн суракка алынышы мүмкүн


Тбилисиде журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Бидзина Иванишвили “согуш тууралуу чындык грузин элине эч айтылган эмес”, -деп билдирди. Иванишвилиден болгону бир нече саат мурдараак өлкөнүн коргоо министри Иракли Аласания 2008-жылдын августундагы согуш иликтене турганын айткан болчу. Ошол конфликттен кийин Москва Грузиянын сепаратисттик региондору: Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган.

Ушул эле күнү парламенттеги башкаруучу “Грузин үмүтү” коалициясынын лидери Дэвид Сангелидзе “согуштун себептерин жана кесепетин” жаңы парламенттик комиссия да иликтей турганын кабарлады. Иванишвилинин “Грузин үмүтү” блогу өткөн жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясын жеңип алган.

XS
SM
MD
LG