Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:22

Бишкекте куурчактар жарманкеси өтөт


Бүгүн Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Куурчактар жарманкеси" аттуу көргөзмө ачылат. Иш-чара үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына арналган. Анда өлкөнүн ар аймагынан 7 жаштан 17 жашка чейин кыздар жасаган куурчактын 400дөн ашуун түрү коюлмакчы. Көргөзмөнүн алдында сынак өткөрүлүп, сүрөтчүлөр жана эксперттер жети номинация боюнча мыкты жасалган куурчактарды аныкташты. Жарманке 18-апрелге чейин уланат. (EBM)

XS
SM
MD
LG