Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Таласта апрель окуяларын эскерген футбол мелдеши өтөт


Бүгүн Талас шаарында кичи футбол боюнча ардагерлер арасында мелдеш өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы Бекен Осмоналиев кабарлады. Анын айтымында, мелдеш апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү иретинде төртүнчү жолу өтүп жатат. Мелдешке Казакстандын Тараз шаарынын “Ардагер” командасы жана жергиликтүү футбол ардагерлеринен түзүлгөн жети команда катышат.

2010-жылдын 7-апрелинде өлкө бийлигин алмаштырууга алып келген окуя бир күн мурда Талас шаарында башталып, нааразылыкка чыккан эл облустук акимчиликти ээлеп алган. Эртеси Бишкектеги Ак үй алдында чыккан тополоңдо 90го жакын адам окко учкан. (MbA)

XS
SM
MD
LG