Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Жалал-Абадда Баткен коогасында курман болгондорго эстелик ачылды


Шаардын «Жеңиш» гүлбагында Баткен окуясында курман болгон аскерлерге эстелик тургузулду. Аны Баткен коогалаңынын ардагерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ачты. Адеп эстеликке гүл коюлуп, мекенди коргоого чакырган театрлаштырган оюн көрсөтүлдү. Эстеликти шаардык казына менен жеке ишкерлер биргеликте тургузуп, ага 800 миң сом каражат жумшалган.

Баткен окуясына Жалал-Абад облусунан 970 адам катышып, 17си курман болгон. “Жеңиш” гүл багында Улуу Ата Мекендик согушта, Ооганстанда курман болгондорго тургузулган эстеликтер бар.

1999-2000-жылдары Баткенге өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылы атаган топтун согушкерлери кол салган. Коогалаңда Кыргызстан жетимиштен ашуун аскеринен ажырап, жүздөгөн жоокерлер жараат алган. (YA)

XS
SM
MD
LG