"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо уюму “Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасын көргөзүүгө тыюу салган Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, укук коргоо уюму тасманы Кыргызстанда көргөзүүгө тыюу салган УКМК жана Башкы прокуратура кызматкерлеринин аракетин, Бишкек шаардык сотунун чечимин Башмыйзамга каршы келет деп эсептейт. Жогорку Сот укук коргоо уюмунун арызын 12-апрелде карамай болду.
Былтыр Бишкекте өткөн адам укуктары боюнча "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалында голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Расмий органдар бул аракетти диндер арасында касташуунунун алдын алганы менен түшүндүрүшкөн.(BkA)