Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Бачабаздыкка каршы мыйзам долбоору талаш жаратты


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кылмыш кодексине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талаш жаратты. Депутат Турсунбай Бакир уулу сунуштаган өзгөртүүгө ылайык, жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү зордуктаган кылмышкерлерге кечирим же мунапыс берүүгө тыюу салынган. Бирок парламенттин айрым депутаттары бул сунуш Башмыйзамга каршы келерин билдирип чыгышты. Депутат Анарбек Калматов Башмыйзамга ылайык, кылмышкерлерге кечирим берүү президенттин гана укугу экенин жана бул мыйзам өлкө башчынын укугун чектээрин айтып, каршы чыкты.

Натыйжада депутаттар мыйзам долбоорду экинчи окууга жөнөтүштү. Буга чейин Жогорку Кеңеште бачабаздык үчүн жазаны каттаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталып, бирок анда коррупцияга жол ачкан жылчыктар болгону үчүн кайрадан иштеп келүүгө жөнөтүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG