Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Мамытов: Батукаевдин өлкөдөн чыгаары тууралуу маалымат болгон


Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, чек арачыларга Батукаевдин Кыргызстандын аймагынан чыгып жатканы тууралуу алдын-ала маалымат келип түшкөн. Анын негизинде ИИМ жана УКМКдан атайын маалымат алмашуу болгон.

- Бирок Батукаевдин колунда паспорту жана абактан чыгаруу боюнча соттун чечими болгону үчүн аны Кыргызстандан чыгарбай кармап калууга эч кандай негиз болгон эмес, - деп билдирди Мамытов.

Ошондой эле УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Бекен Сыдыгалиев да Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгаруу тууралуу алдын-ала маалымат болгонун тастыктады.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев, Батукаевге паспорт аны бошотуу тууралуу соттун чечими чыга электе эле ал кармалып турган Нарындагы №4 тергөө абагынын башчысынын катынын негизинде даярдалганын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG