Бул жөнүндө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров RTV телекомпаниясына маегинде сүйлөгөн. Ошол эле учурда Лавров азыркы грузин премьери Бидзина Иванишвилинин өкмөтүнүн прагматикалык саясатын колдой турганын да кошумчалады.
Орусия 2008-жылдын августунда Грузия менен болгон кыска мезгилдүү согуштан кийин Грузиянын сепаратисттик региондору – Абхазия жана Түштүк Осетия республикаларынын – Тбилисиден көз карандысыздыгын тааныган. Эми Лавров “ошол чечим кайра каралбайт” деп билдирип жатат. Кечээ грузин премьери Бидзина Иванишвили журналисттерге сүйлөп, жакын арада президент Михаил Саакашвили 2008-жылкы согуш боюнча суракка тартылышы мүмкүн экенин билдирген.