Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Янукович сот бүтмөйүн Тимошенкого ырайым бере албайт


Украинанын президенти Виктор Янукович мурунку премьер-министр Юлия Тимошенкого сот жараяны бүтмөйүн кечирим бербей турганын билдирди. Николаев шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, юридикалык-укуктук жагын эске алуу керектигин, президенттик ыйгарым укуктарын соттон кийин гана колдоно аларын белгиледи.

Янукович 7-апрелде мурунку ички иштер министри Юрий Луценкого ырайым берип, абактан чыгарган болчу. Президент кечирим бергендердин арасында эки жыл шарттуу кесилген мурдагы айлана-чөйрөнү коргоо министри Георгий Филипчук дагы бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG