Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, анын экөө кыргыз, бешөө уйгур, ал эми бирөө теги кытай жаран. Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев чет элдиктер 2-9 миң долларга кыргыз паспортторун оңой эле сатып алаарын айтып чыккан болчу. Мамлекеттик каттоо кызматы мындай дооматты четке кагууда. Бирок маал-маалы менен кыргыз паспортторун мыйзамсыз алган чет элдик жарандар кармалып турат. (EBM)