Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

“Ата Мекен”: “Коопсуз шаар” долбоорун текшерүү зарыл


“Ата Мекен” фракциясы “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн тендерди текшерүүнү Башкы прокуратура менен УКМКга тапшырды. Мындай чечим фракциянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Фракция мүчөлөрү муну менен катар “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Кыргызстандын чоң шаарларын жана унаа жолдорду көзөмөлдөөчү видеокамераларды сатып алуу үчүн тендерди өткөрүүдө бир катар мыйзам бузуулар болуп, ИИМдин кытайлык Beijing Construction Engineering Group компаниясы менен түзгөн келишиминин баасы атайлап көтөрүлгөнүн айтып чыгышты. Мындан улам депутаттар тендердин өткөрүлүшүн күч органдары иликтеп, мыйзам бузгандарды жазага тартууну сунушташты.

Былтыр Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол унаа жолуна видеокөзөмөл камералары орнотулуп, кылмыштардын бирдиктүү борбору түзүлмөк. Көзөмөл камераларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, Beijing Construction Engineering Group компаниясы жеңүүчү болгон табылган. Бирок Юстиция министрлиги бул тендерди өткөрүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирип чыкты.

XS
SM
MD
LG