Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

“Кристалл” заводу дагы сатылбай калды


Жалал-Абаддагы кремний иштетүүчү “Кристалл” ишканасынын кредиторлор кеңеши, заводду 4,2 миллион долларга сатуудан баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин департамент башчысы Болсунбек Казаков билдирди.

Казаковдун айтымында, австриялык инвестор каржылаган Riche.kg аттуу компания заводго 4,2 миллион доллар сунуштап, бирок бул акчаны 9 айда төлөп берүү шартын койгон. Маселе бүгүн заводдун кредиторлор кеңешинин жыйынында каралып, сунуш колдоо тапкан жок.

"Кристалл" ишканасын 2010-жылы 7-апрелге чейинки 420 млн. сом карызы үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги банкрот деп жарыяланган. Ишканага ээлик кылган казакстандык компания буга каршылык билдирип, сотко кайрылган. Бирок сот ишти министрликтин пайдасына чечкен. Учурда наркы 6 млн. долларга бааланган бул заводдо мамлекеттин үлүшү жок. Буга чейин бир нече жолу аукцион жарыяланып, ишкананы сатып алууга кызыкдар инвестор чыккан эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG