Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

АКШ: Курал сатууну чектөө боюнча мыйзам долбоору талкууда


Бейшембиде АКШ Сенатынын кароосуна коюлган документте курал сатып алуунун алдындагы текшерүүнү күчөтүү, колдон курал сатуу же жеке куралын башка бирөөгө берүү учурунда жазаны катаалданттуу жана мектептерде коопсуздук чараларын күчөтүү шарттары киргизилген.

Курал-жарак боюнча чараларды күчөтүүгө каршы көз караштагы Американын курал боюнча улуттук ассоциациясы болсо кардарлардын алдын-ала текшерүүнү катаалдаштыруу эч кандай майнап бербейт, анткени көпчүлүк штаттарда адамдын психикалык абалы жөнүндө маалымат купуя сакталарын айтууда.

Эксперттер Сенат бул мыйзам долбоорун жактырса дагы, Өкүлдөр палатасынан өтөөрү күмөн экенин айтышууда. Өткөн жылдын декабр айында Ньютаун шаарындагы Сэнди Хук мектебинде Адам Ланза аттуу окуучу 26 адамды, анын ичинде алты-жети жаштагы 20 баланы атып салгандан кийин куралга тыюу салуу боюнча талкуу күчөгөн.

XS
SM
MD
LG