Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Кыргыз-өзбек чек арачылары жолукту



Кыргызстандын түштүк облустарындагы чек ара бөлүмдөрүнүн башчылары менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү 11-апрел күнү жолукту. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат борбору бүгүн кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда чек арадагы абал боюнча маалымат алмашып, жазгы талаа жумуштары жүрүп жатканда эки өлкө ортосундагы такталбаган аймактарды биргелешип кайтаруу, үрөн жана күйүүчү майды алып өтүүгө тоскоолдук кылбоо боюнча макулдашуу болгон.

Ушул жылдын башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алган жана бир канча унааны талкалаган. Кийинчерек өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Андан бери эки өлкөнүн чек араларын кайтаруу күчөтүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG