Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

УКМК: милиция кызматкерлери кылмышты жашырууга аракет кылган


Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндөгү ыкчам топтун эки кызматкери маңзат менен кармалгандарга кылмыш ишин ачпоо үчүн пара алып жатканда кармалган. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди. УКМКнын билдиришинче, кармалгандар 80 миң сом пара алып жаткан.

Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

УКМКнын маалымдашынча, кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы учурунда милиция кызматкерлери каршылык көрсөткөн жана бир топ кесиптештери келген. Чогулган милиция кызматкерлери кармалгандарды бошотуп, кылмышты далилдей турган (акча) буюмдарды жок кылууга аракет кылышкан. Акча турган унаа милиция кызматкерлери тарабынан эвакуатор менен алынып кеткен.

УКМКнын тергөө тобу асманга эки ирет эскертүүчү ок чыгарган, эч ким жабыркаган эмес. Тутанган чырдын жыйынтыгында УКМКнын кызматкерлери жаракат алып, бирөө ооруканага жеткирилген.

Кармалгандардын бирөө тергөө абагында. (AKu)

XS
SM
MD
LG