Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Шаардык ички иштер башкармалыгы: УКМКнын кызматкерлери сабалган эмес


Бишкек шаардык милиция Улуттук коопсуздук боюнча комитетке караштуу коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери менен Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлеринин ортосунда кечээ орун алган чыр тууралуу комментрарий берди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышка шектүү делген кызматкерлерин кармоодо УКМК КККнын кызматкерлери мыйзам бузган, күч колдонгон. Шаардык милиция башчысы Мелис Турганбаев окуя болгон жерге келип, чатактын катышуучулары менен сүйлөшкөндөн кийин, милиция кызматкерлери кармалбай болгон. Бирок көчөдө чогулган эл милиция кызматкерлерине болуша кетип, жаңжал дагы уланган. УКМКнын кызматкерлери чыгарган октон бир милиция кызматкери жабыркады дейт шаардык милициянын маалымат кызматы.

Шаардык милициянын маалымат кызматы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө УКМКнын кызматкерлери сабалбаганын, алар тинтүү ишин жүргүзбөй кетип калганын кошумчалап, кармалган эки милиция кызматкеринин бирөө сабалып, кийин бошотулганын белгилешти. (AKu)

XS
SM
MD
LG