Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Медициналык каражаттардын маалыматтык базасы түзүлөт


Ага Түркия көмөктөшөөрүн вице-премьер-министр Камила Талиева Ошто өтүп жаткан жыйында билдирди.

Бүгүн Ошто “Дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын Улуттук маалыматтык базасын түзүү” темасы талкууланып жатат. Маалыматтык базанын түзүлүшү менен Кыргызстандын бүт аймактарында дарылардын наркы бирдей болот жана кандай гана медициналык каражат болбосун, анын баасын ар бир жаран компьютер же кол телефон аркылуу интернеттен биле алат. Базаны түзүү үчүн 3,5 миллион доллардан ашуун каражат керек. Учурда маалыматтык база түзүү жаатында жер-жерлерде коомдук угуулар болуп жатат.

Медициналык каражаттардын улуттук маалыматтык базасы Европанын бардык өлкөлөрүндө иштейт. Бул ыкма дары сатуу ишинде аткезчиликти азайтууга салым кошоорун адистер белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG