Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Ошто Кожогелди Култегиндин чыгармачылык кечеси өттү


Оштун улуттук драма театрында бүгүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Кожогелди Култегиндин адабий-музыкалык кечеси өттү. Ага республиканын ар кайсы аймактарынан адабиятчылар жана маданият кызматкерлери катышты. Акындын "Курманбек" дастаны боюнча спектакль коюлду. Кеченин жүрүшүндө акындын ырлары окулуп, анын калемине таандык саптарга жаралган музыкалык чыгармалар ырдалды.

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси Кожогелди Култегин (толук аты-жөнү Кожогелди Кулуев) 1960-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн Көгарт кыштагында туулган. Учурда маданият министринин орун басары болуп иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG