Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Ошто мектеп окуучулары жүрүшкө чыкты


Ош шаарындагы №4 Киров орто мектебинин окуучулары бүгүн “Биз таза шаар үчүн” деген аталышта акция өткөрүштү. Иш-чара Ош мэриясы тарабынан жарыяланган тазалыктын эки айлыгынын алкагында окуучулардын жана мугалимдердин демилгеси менен уюштурулду.

Мектептин 60 окуучусу жашоочуларды шаарды таза кармоого үндөгөн жазууларды көтөрүп, калаа көчөлөрүн кыдырышты. Тазалыкка чакырган плакаттар мектептин жогорку классында окуган окуучулардын арасында өткөн сынактын негизинде тандалып алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG