Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Мубарактын соту башталбай жатып кийинкиге жылдырылды


Египетте бүгүн мурдагы президент Хосни Мубарактын соту башталаарда сот бул ишти кароодон баш тартты. Экс-президенттин бүгүнкүгө белгиленген ишин карай турган сот Мустафа Хассан Абдулла “ишти кароо ал үчүн оор болуп жатканын” айтып, аны Аппеляциялык сотко өткөрүп бергенин, эми башка судья дайындалаарын билдирди.

Мубарак 2011-жылкы ыңкылапта жүздөгөн демонстранттардын өлүмү үчүн күнөөлөнүп, былтыр өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок анын адвокаттары “сот иши эрежелердин бузулушу менен өткөнүн” айтышкандан кийин, иш кайра карала турган болгон эле.

Келерки айда 85 чыга турган Хосни Мубарак бир канча ирет ден соолугу кескин начарлап, азыр Каирдеги аскерий ооруканада дарыланууда.

XS
SM
MD
LG