Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Венесуэлада президенттик шайлоо өтүүдө


Азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Николас Мадуро шайлоодо жеңет го дешет
Азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Николас Мадуро шайлоодо жеңет го дешет
Өлкөнүн буга чейинки президенти Уго Чавес эки жыл бою рак менен ооруп, өткөн айда көз жумган. Чавес өзү мураскору катары ордуна калтырып кеткен азыркы утурумдук президент Николас Мадуро бүгүнкү шайлоону жеңет го деп турушат. Бирок акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, Мадуро менен оппозициядан көрсөтүлгөн талапкер Энрике Каприлестин ортосунда ажырым анчалык деле чоң болбой калган.

Мадуро буга чейин Чавес жарыялаган “XXI кылымдагы социализм” деген убаданы ишке ашырам деп касам ичип жатат. Кескин солчул саясатка негизделген ал пландын негизинде өкмөт жакырларды колдош үчүн чыгашаны көбөйтүп, мамлекеттик экономиканы катуу көзөмөлгө алат.

Ал эми өлкөнүн эл эң жыш отурукташкан Миранда штатынын губернатору, 40 жаштагы талапкер Каприлес “азыр бөлүнүп-жарылган өлкөнү бириктирүүнү, коррупцияга каршы күрөштү максат кылаарын” айтты.

Каприлес өкмөттү “дайыма тамак-аш тартыштыгын, инфляцияны чече албайт, электр энергиясын бөлүштүрө албайт, кеңири жайылган кылмыштуулук менен күрөшкө алсыз” деп сындап келатат.

XS
SM
MD
LG