Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Орусия АКШнын “Магнитский тизмесин” айыптады


Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ бийлигинин “Магнитский тизмесин” айыптады. Песков жекшембиде “Россия 1” телеканалындагы маегинде, бул тизме эки өлкөнүн карым-катнашына “сокку урду” деп билдирди. Ал болгондо да эл аралык кырдаал Орусия менен Американын жакындашуусун талап кылып жаткан чакта жасалды деп кошумчалады.

АКШ өткөн жуманын аягында адам укуктарын бузган деп шектелип “кара тизмеге” кирген 18 орусиялык жарандын аты-жөнүн шардана кылган. Тизмедеги адамдар Орусиядагы түрмөдө табышмактуу жагдайларда көз жумган юрист Сергей Магнитскийдин ишине тиешеси бар деп эсептелет, бирок анда жогорку кызматтагы аткаминерлерден эч ким жок. Бир күндөн кийин эле Кремль ага жооп ирээтинде өзүнүн кара тизмесин жарыялаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG