Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:04

Саламаттыкты сактоо министри вице-премьердин сынына жооп кайтарды


Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева өткөн жумада өкмөт жыйынында министрлик дарегине айтылган сынды шашылыш жана жалпыланган мүнөздө деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн билдирүү таратты. Анда министр саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөрдүн бар экенин моюнуна алган. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн коомчулук жана мамлекет колдоосу зарыл экенин эскертип өткөн. Муну менен катар Сагынбаева орун басарлары Болот Элебесов менен Марат Калиевдин кызматтан бошотуу боюнча сунушун орунсуз чечим катары сынга алган.

Өткөн жуманын аягында өкмөт жыйынында вице-премьер-министр Камила Талиева саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын, билим берүү министри Канат Садыковдун, социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун жоопкерчилигин кароо жана саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Болот Элебесов менен Марат Калиевди кызматтан бошотуу маселесин көтөргөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG