Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Венесуэладагы шайлоону Николас Мадуро жеңди


Венесуэладагы президенттик шайлоону Уго Чавестин саясий мураскери жеңди. Шайлоо комиссиясы Николас Мадуро оппозициянын өкүлү Энрикке Каприлестен 300 миңден көп добуш алганын жарыялады. Мадурого добуш берүүчүлөрдүн 50,8, Карилеске 49,1 проценти ишеним көргөздү. Каприлес добуштар кайра саналып чыкмайынча, жыдыганын моюнга албай турганын билдирди.

Мадуро болсо тарапкерлерине кайрылып, жеңиши күмөн санатпаш үчүн бюллетендердин кайра саналышын кубаттаарын айтты. Ал шайлоо кампаниясы маалында Чавестин сөзү менен айткандай “XXI кылымдын социализмин” улантууга, өкмөттүк чыгымдардын көбүн кембагалдарга жумшоону жана экономиканы мамлекет тарабынан көзөмөлдөөгө убада кылып келди. Каприлес маркум президенттин режими Венесуэланы талкалап жок кылуу жолуна салганын сындоодо. Чавес өткөн айда рак оорусунан көз жумган.

XS
SM
MD
LG