Ооган президенти Хамид Карзай талаштуу чек арада Пакистан тарабынан курулган текшерүү пункттарын, чек ара өткөөлдөрүн алып салуу буйругун берди. Жекшембиде улуттук коопсуздук кеңешинде Карзай коргоо, ички жана тышкы иштер министрлерине Британ оторчулугунан бери калган Дюран сызыгындагы курулуштарды алуу боюнча “чукул аракет” көрүү тапшырмасын берген.
- Чек ара өткөөлү же башка объектилер эки тараптын макулдугу менен гана курулууга тийиш. Дюран сызыгында жана Ооганстан аймагында макулдашуусуз өткөөлдөрдү орноштуруу эл аралык нормаларды бузууга жатат. Жана эки өлкөнүн мамилесине каршы келет, - деди Ооганстандын коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Захир Азими.
Президент Карзай ошондой эле АКШ баштаган коалициядан Пакистанга өткөөлдөрдү тургузууга жардам берип-бербегенин түшүндүрүүнү талап кылды. 19-кылымда пайда болгон Дюран сызыгын Исламабад эл аралык чек ара деп эсептейт. Кабул болсо аны таануудан баш тартып келет.