Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү


Жогорку Кеңеште бүгүн кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссиянын алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында комиссиянын төрагалыгына депутат Болот Шер, төраганын орун басарлары болуп Канатбек Исаев жана Дамира Ниязалиева шайланды.

Ошондой эле уюштуруу маселелери каралып, комиссиянын иш-планы аныкталып, укук коргоо органдарына суроо-талаптар жиберилди.

Жогорку Кеңеш өткөн бейшембиде Батукаевдин бошотулушу боюнча маселени карап, жыйынтыгында депутаттык комиссия түзгөн. Ага коалициялык азчылыкты түзгөн “Ата-Журт” менен “Республика” фракциялары "жоопкерчиликти кадрларды дайындаган коалициялык көпчүлүк өзү тартышы керек" деген жүйө менен комиссияга кирүүдөн баш тарткан. Комиссияга депутаттык топтон Канатбек Исаев, Алмазбек Батырбеков жана Равшан Жээнбеков кирген. Комиссияга териштирүүгө үч жума убакыт берилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG